Бишкек. 29.05.19 informator.kg “Премьер-министр парламентке алып келген министрликке талапкерлердин ичинен менин ичим чыкканы жалгыз Дастан Догоев”. Бул пикирди ЖКнын депутаты, Абдывахаб Нурбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган жаш кадрдан үмүт чон. Бирок, ал Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдыга жылдыруу боюнча ойлорун, идеяларын ишке ашырууда кыйынчылыктар жаралып калышы ыктымал. “Догоевдин буга чейинки аткарган иштери,прогрессивдүү ойлору үмүт жандырат. Бирок, аны калган министрлер кабинети, премьер-министр түшүнүп, колдоп, ишка ашырууга жол ачып беришеби деген маселе мени ойлонтот. Анткени, азыркы курамда либерал, заман талабына жараша ийкемдүү ишмерлерди жолуктуруш кыйын”,-дейт ал.

Ошондой эле депутат айыл чарбасына салым кошом деген Тилек Токтогазиевди Премьер-министр ишке алып, мүмкүнчүлүк берем деп убада кылып жатканын, азырынча ал убадага ишенип турганын, жаш кадрларды дайыма тартууга министрлер кызыкдар боулуш керектигин кошумчалады.