Бишкек. 9.01.20. informator.kg

Абхазиянын  президенти Рауль Хаджимба эгер өлкөдө нааразычылык уюштуруп жаткандар тынчыбай турган болсо “өзгөчө кырдаал” киргизе турганын кезексиз өткөргөн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында жарыя кылды. Бул тууралуу президенттин сайтынан окууга болот.

Ал антип жаткан чакта көчөдөгү оппозициялык маанайдагы көпчүлүк Президенттин имаратына чабуул жасап, ээлеп алуу аракетин токтоткон жок. Ал арада  Абхазиянын Элдик жыйыны да шашылыш чогулуп Сухумидеги балады талкууга алды. Жабык эшик артындагы бул жыйында оппозициялык депутаттар Президентти кызматтан алуу маселесин көтөрүп жатканын «Sputnik Абхазия» жазып чыкты.

Эске сала кетсек, өлкө президентин шайлоодо оппозициялык талапкер «Амцахара» партиясынын лидери Алхаса Квицини жеңишке жетпей калып, ал бул шайлоонун легитимсиз өткөнүн жарыя кылган жана элди укуктарын коргоо үчүн көчөгө чакырган.