Бишкек. Informator.kg Бишкек шаар башкармалыгынын жетекчилери Москва шаарында болуп, Орусиянын борбор шаарынын бийлиги менен тажрыйба алмашты. Бул боюнча мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда маалым болгондой, мэр Азиз Суракматов, Шаардык Кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков жана вице-мэр Азизбек Алымкуловдор шаар куруу, шаардын бюджетин арбытуу боюнча Москванын өкмөт министри Сергей Черемин менен жолугушкан жана коомдук транспорт тармагына киргизилген жаңы маалыматтык технологиялар, унаа токтотуучу жайларЮ жарнама жана мектептердеги билим берүү системалары менен таанышып чыгышкан.

“Азиз Суракматов “Московский паркинг” мекемеси менен таанышып, анын иштөө механизмин жактырды. Анткени, бул мекеме жыл сайын Москванын бюджетине 26 млрд. рубльден ашык каражат берет экен. Аталган каражаттар унаа токтотуучу жайларга жарандардан мобилдик аппараттар аркылуу электрондук түрдө которулуп, анын дээрлик 98 пайызы шаарды жакшыртууга, жашылдандырууга жумшалганы биздин шаар башчыларынын кызыгуусун жаратты”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мегаполистин жарнама жана ММК департаменти бирдиктүү жарнамалык саясатты алып барып, электрондук аукциондор аркылуу жарнамалык мейкиндикти сунуштоо менен жылына 9 млрд. рубль киреше табаары кошумчаланган.