Бишкек. informator.kg “”Азаттык” үналгысы тарабынан жасалган иликтөөдө бир тууган Матраимовдор менен байланышы бар делинип, Кыргызстандан ар кандай жолдор менен сыртка 700 млн. АКШ долларын чыгарып кеткени айтылган Айэркен Саймаити аттуу адамды Түркияда белгисиз бирөөлөр атып кетти. Бул тууралуу биринчидерден болуп ошол эле “Азаттык” жазып чыкты.

Анда белгилүү болгондой, Стамбул шаарнын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде турган Саймаитини 10-ноябрь күнү кечке маал белгисиз адам атып кеткенин түркиялык басылмалар жазып чыккан.

Азыр бул окуя боюнча Стамбул шаардык прокуратурасы кылмыш ишин ачып, иликтеп жатканы айтылат.