Бишкек. 12.02.20 informator.kg “Менин мугалимдерге болгон сыйым эң жогору, алардын кесибин абдан баалайм. Өзүм да 4 жыл жогорку окуу жайында студенттерге сабак берип, мугалим болуп иштегенмин”. Бул сөздү Жогорку Кеңештин жыйынында КРнын вице-премьерлик кызматына талапкер Акрам Мадумаров айтты.

Анын айтымында, Баткендеги мектептердин бириндеги “галстук окуясы” кесиптик окуу жайдын техникалык-педагогикалык абалын жакшыртуу маселесин карап жаткан учурда орун алган. “Мага албетте сырткы кийимден биринчи билим берүүүнүн сапаты, техникалык-материалдак базанын жетиштүүлүгү маанилүү”,-деди ал.

Эске сала кетсек, КРнын вице-пермьери Жеңиш Раззаков “үй-бүлөөсүнү каралбай кеткендигин” жүйө келтирип, кызматынан баш тарткан болчу.