АКШнын дарыканаларында беткап калбай калды. Бул тууралуу АКШдагы ММКтары жазышууда. АКШнын борбор калаасы Вашингтондо да беткап калган жок. Ошондой эле, калкынын саны көп болгон шаарларда да дефицит байкалган.

“Азыркы учурда тынчысзданууга эч себеп жок”,- дейт АКШнын саламаттык сактоо министрлиги. АКШдагы  CVS Pharmacy  аталышындагы дүйнөлүк дарыкана өкүлдөрүнүн айтымында АКШда бул мезгилде грипп жыл сайын жүрөт. Беткаптарга суроо-талап да өсөт. Бирок, ошол эле учурда коронавирустун да таасири бар экендигин баса белгилешти.