Кечээ Кыргызстандын Футбол федерациясы жыл мыктыларын аныктаган FFKR Football Awards 2019 иш-чарасында жалпы 9 номинацияда мыктыларды аныктап, сыйлыктарды тапшырды. Аземде футбол жана футзалдан “жылдын мыкты оюнчусу”, “жылдын мыкты машыктыруучусу” жана “жылдын мыкты калысы” номинациясы боюнча тандалды. Мындан сырткары “жылдын мыкты командасы”, “Жылдын мыкты аймактык ассоциациясы” боюнча мыктылар тандалды.

Жыйынтыгында беларустук “Неман” клубунун жана Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов “мыкты футболчу” деген сыйлыкка татыды. Ошондой эле оюнчуга дүйнөлүк футбол клубу Реал Мадрид да кызыктар деген имиш маалыматтар кыргыз маалымат майданында тароодо.