Бишкек. Informator.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен 2018-жылдын июль айында ачылган Бирдиктүү депозиттик эсепке укук коргоо,фискалдык органдар тарабынан 1 миллиард 909,7 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Улуттук статкомитеттин маалыматы жарыяланды.

Андагы тизмеге үңүлсөк, баардыгынан арбын каражат же 941,5 миллион сом Экономикалык жана каржылык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан түшүрүлгөн. Андан кийин Башкы прокуратура тарабынан 328,3 миллиона сом каражат эсепке салынса, 332,7 миллион сомду Улуттук Коопсуздук боюнма Мамлекеттик Комитет которгон. Коррупцияга каршы күрөштө четте калбаган ИИМ да бул атайын эсепке 7 млн. сом которуп бергенин көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, бул эсепке түшкөн каражаттар социалдык тармактарды өнүктүрүүгө жумшала турганы, коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы катары бюджеттик каражаттарды кайтаруунун көрсөткүчү болоору белгиленген.

Бирок, жогорудагы органдар аталган суммалар кимдерден, кайсыл коррупциялык схемалары ачылган жагдайда, кандай эсептөөлөрдүн негизинде кайтарылганы боюнгча так маалыматтарды бере элек.