Бишкек 28.02.20 informator.kg Экс-президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында мемуар жазып жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, абактагы А. Атамбаевдин саламаттыгы начар, ал кан басымынын туруксуздугунан кыйналууда. Бирок, ага карабай башынан өткөндөрүн китеп кылып жазып жатат.

“Ага атайын дептер берилген. Жаны кыйналып жатканына карабай балалыгы, студенттик кездери тууралуу эскерүүлөрүн көшөрүү менен жазып бүтүп калды. Күн сайын китеп жазуусун улантып жатат”,-деди ал.

Ошону менен бирге эле жактоочу кардары Кой-Таш окуясы боюнча аны күнөөлөгөн кагаздарга кол коюудан баш тарткан. Бирок, сот процесстерине катышып, өзүнүн актыгын далилдөөгө даярдыгы бар.