Коом Балыкчынын мэрлигин “Кыргызстан” жана “Замандаш” партиялары талашат

Балыкчынын мэрлигин “Кыргызстан” жана “Замандаш” партиялары талашат

Балыкчы шаарынын мэрлик кызматына эки саясий партия талапкерлерин чыгарды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан 40 жаштагы Мирбек Шакиров талапкер катары арызын берсе, “Замандаш” партиясы 26 жаштагы шаар тургуну Марат Кудайбергеновду талапкер катары БШКга арызын жолдоткон.

Эске сала кетсек, өткөн айда Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов КРнын Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп дайындалган. БШК Балыкчынын мэрин шайлоону 14-майга белгилегени да маалым.