27.06.19 informator.kg Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын жанында Кыргызстандын мамлекеттик желеги тескери илинип турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.


Маалыматка караганда, бул сүрөттөр кечээ, 26-июнда тартылган.
«Бул көрүнүш шаар тургундарынын кыжырын келтирди. Жергиликтүү бийлик желегибизди туура иле албаса, башка маселени кантип чечет? Бул уят», – деди алар.