Бишкек. 16 . 09.2019. informator. kg Баткендин “Максат” жана “Сай” чек ара пунктарындагы тажик тараптын аскерлери тараптан чыккан октон кыргызстандык бир жоокер окко учуп, бир канчасы жарадар болду. Бул маалыматты КРнын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков өзү тастыктап, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинов менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө айтты. 

Ал чек арадагы чырда тажикстандык жоокерлер минёмот баштаган куралдардан биринчилерден болуп ок чыгарганын, бул ок чыгаруудан чек ара пункту жана тынч жарандын үйү да иштен чыкканын, бул боюнча эки тараптуу териштирүү иштери керектигин айтып, кесиптешин эл аралык мыйзамдарды сактоого чакырган.

Эскерте кетсек, бүгүн кечте “Максат” айылындагы футболдук аянт жактан жаңжал чыгып, коңшу тараптын аскерлери биринчилерден болуп ок чыгарганы айтылган.