Бишкек 27.03.20 informator.kg  26-мартта саат 20:00дөн 27-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 146 тартип бузган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, бул адамдар чектөө киргизилген убакта көчлөрдө себепсиз жүргөн жеринен тартип сактоочуларга туш болушкан.

“Алардын ичинен 13 аял, 133 эркек, анын ичинде 1 чет элдик жаран. Баардыгы тең коменданттык сааттын киргизилгени, анын тартиптери тууралуу кабардар болушкан бирок, эрежелерге баш ийгилери келген эмес”, – деди ал.

Эске сала кетсек, коронавирус илдетинен сактануу максатында өлкөгө өзгөчө абал киргизилип, анын ичинде айрым шаарларга коменданттык саат жарыяланган.