Бишкек. 23.09.2019. informator.kg  Бүгүн, Бишкектеги “Манас” кыргыз-түрк университетинде кыргызстандык IT адистердин, тагыраагы, маалыматтык технологиялар тармагынын адистери Форумга чогулушту. Бул тууралуу Өкмөттүн алдындагы Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигин кабарлашты.

Анда, аталган агенттиктин башчысы Дастан Догоев, Азиз Абакиров, Татту Мамбеталиева  баштаган атамекендик мыкты адистер менен бирге эл аралык адистер иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, Кыргызстандагы маалыматтык ресурстарды өнүктүрүү, Өкмөттүн санариптештирүү жараянынын күнгөй-тескейи тууралуу пикир алышмакчы.