Бишкек 2.04.20. informator.kg  Бүгүн Бишкектин айрым жаңы бөлүктөрү дезинфекциялоо иштеринен улам чектелип, корукка алынды. Жаңы кошулган аймактарга жарандардын жана унаалардын өтүүсүнө тыюу салынганын Ресрпубликалык штаб каарлайт.

Алар төмөнкү көчөлөр:

• Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;

• Сүйөркулов–Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн магистралга чейинки бөлүгү;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк тарабы;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Малдыбаевдин түндүк тарабы;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Токтоналиевдин түндүк тарабы;

• Масалиевден баштап Чыңгыз Айтматов проспектинин түндүк тарабы;

• Бакаев көчөсүнөн баштап Ахунбаевдин чыгыш тарабы.

Штаб шаардыктарды зарыл иштер болбосо көчөгө чыкпоо, тартип кызматкрелерине баш ийиүүгө чакырат.