Коом Бишкек боюнча 2700 адамга азык-түлүк ташуу үчүн өткөрмө берилген.

Бишкек боюнча 2700 адамга азык-түлүк ташуу үчүн өткөрмө берилген.

Бишкек 2.04.20. informator.kg  “Комендатура коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2700 өткөрмө кагазын берди”. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев айтты.

“Алар Бишкек шаарында азык-түлүк жана тамак-аштарды жеткирүү менен алектенишине бул жетиштүү. Азыр, албетте, калаанын чет жакасында айрым көйгөйлөр бар, биз бул маселелерди чечип жатабыз”, – деп билдирди ал.

Ал билдиргендей, 2020-жылдын 25-мартынан тартып Бишкекке өзгөчө абал киргизилгенден бери коменданттык убакытты 1076 адам бузган, алардын ичинен 145 аял, 931 эркек жана 14 өспүрүмдөр болгон.
Эске салсак, коомдук тартипти 3000ден ашык милиция кызматкери жана КР Генералдык штабынын аскер кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.