24.06.19 informator.kg Бишкек-Москва каттамындагы поезд Казахстандын Түркстан облусунун Арыс шаарындагы жарылуудан улам, чек арадан Бишкекти көздөй кайра артка кайтууда.

Бул тууралуу  «НК «Кыргыз темир жолу» пресс-катчылыгы кабарлады.

Эске салсак, бүгүн 24-июнь саат 9:00 чамасы Арыс шаарында аскердик блоктун, курал-жарак сактоо кампасы жарылган.