Бишкек. 14.08.19 Австралияда аты-жөнү белгисиз эркек киши, көчөгө бычак көтөрүп чыгып, эки аялга кол салды. Бул тууралуу АВС Жазып чыкты.

Бир аял алган жаракаттарынан улам көз жумду, ал эми экинчиси ооруканада экендиги кабарланды. Башаламандык жараткан жана адам өлтүрүүгө шектүү деген жаран 20 жашта экендиги кабарланган. Азыркы учурда полиция тарабынан кылмыш иши козголуп, керектүү процесстер жүрүп жатат.