Бишкек 11.03.20 informator.kg Дүйнөлүк басылмалар Орусиянын саясатындагы кызык жаңылыкты катуу талкууга ала баштады. Себеби, атайын Конституциялык топ иштеп чыккан жаңы Конститутциялык өзгөртүүлөргө ылайык Владимир Путин 2024-жылы Президенттик шайлоого катыша алат жана анда элдин колдоосуна татый турган болсо 2036-жылга чейин дагы бир ирээт шайлоого катышуу укугун сактап калмакчы.
Азыркы орус президентинин келечек тагдырына жол чапкан мындай өзгөрүүлөр боюнча 10-мартта Мамлекеттик Думада добуш берүү болуп, анда орус эл өкүлдөрүнүн 380и буга “макул” деп кол көтөрсө, болгону 43 депутат каршылыгын билдирген.
Ал эми Владимир Путин болсо бул келечектүү сунушка салкын кандуу карап, “Мындай вариант болушу мүмкүн. Бирок Конституциялык сот мындай өзгөртүү Баш мыйзамдын принциптерине жана негизги жоболоруна каршы келбейт деп расмий тапса гана ишке ашырылышы керек”, – деген.
Кызыгы, жылдын башында Президент В. Путин калкка кайрылуу жасап, анда Конституцияга кескин өзгөртүүлөрдү киргизип, анда Мамлекеттик Думага кеңири укуктарды берүү керектигин сунуштаган болчу. Президенттик башкаруу боюнча анда унчуккан эмес.

Азыр ал 67 жаштын тамагын ичип жатат.