Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча Азия чемпиону болду. Ал 61 кг салмагында күрөшүп, төрт беттеште жеңүүчү болуп чыккан. Анын атаандаштары: Нурболот Абдуалиев (Казакстан), Мажит Алмаз Дастан (Иран), Рахул Баласахеб Аваре (Индия), Мухамад Икромов (Тажикстан).

2019-жылы 23-жашка чейинкилер арасында, Улукбек Жолдошбеков Азия жана Дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле жылдын мыкты спортчусу наамына татыган. АЧ Индия мамлекетинин борбору Нью-Делиде өтүп жатат. Бүгүн акыркы күн.