Informator.kg – Кечээ, 1-декабрь Украинада депутаттын унаасына кол салуу орун алды. Бул тууралуу Украинанын ММКтары билдиришүүдө.

Анда, ишкер жана Киев облусунун жергиликтүү кеңешинин депутаты Вячеслав Соболев экендиги тастыкталды. Депутаттын унаасына кол салуу учурунда, анын баласына ок тийип, ал көз жумду. Баласы тез жардам менен кетип жатканда жан берген. Депутат окуя тууралуу башка маалымат берүүдөн баш тарткан.