Дүйнө жүзү боюнча коронавирус 400 миң адамды кучагына алды

Бишкек 25.03.20 informator.kg  Дүйнө жүзү боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 400 миң адамга жетти. Мындан бир ай мурун 300 миң адам жугузган эле.  Бул тууралуу Джонс Хопкинс университетинин окумуштуулары маалымат берген.

Алардын иликтөөсү боюнча, акыркы бир сутканын ичинде эле дүйнөдө 40 миң адам аталган вирусту жуктурганы аныкталган.

Ал эми Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун(ВОЗ) маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус менен 372 757  адам ооруп, анын 16 231и өтүшкөн илдеттен көз жумганы анык.

Учурда вируска тез чалдыккан учурлар Европада (24 087) жана Америкада (12 428) катталган.

Коронавирустан жапа чегип, өлүм тапкан учурлар боюнча Италияда 6,8 миң адам, Кытадын Хубей провинциясы 3,2 адам көз жумган. Ошондой эле испаниялыктардын арасынан 2,8 миң адам коронавирустун кесепетинен каза тапканы айтылат.

Джон Хопкинс университетинин окумуштуулары коронавирус айрыкча акыркы ада күч алганын, 2020-жылдын 6-мартында 100 миң адам ооруса, 18-мартта 200 миң адам жуктурганын, 21-мартта 300 миң адам коронавируска чалдыкканын айтат.