Бишкек. 28.05.19. informator.kg Жогорку Кеңештин профилдик комитети ТИМ тарабынан сунушталып жаткан жаңы элчилерди колдоп берди. Тагыраагы, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчисине коомдук ишмер Эдил Байсаловдун, Белорусиядагы элчилигине Эрмек Ибраимовдун талапкерлиги комитеттин колдоосун тапты.

Талкуу учурунда депутат Каныбек Иманалиев кесиптеши Максат Сабировдун “дипломаттарды, адистерди неге дайындабайбыз?” деген сынына жооп катары жарандык позициясы бекем адамдар мамлекетке пайда алып келээрин кошумчалады.

“Мына элчи Ибрагим Жунусов дипломат эмес, ырчы болчу. Бирок, Түркияда абдан мыкты иштеген элчи катары таанылды. Ал эми Эдил Байсалов болсо 2005-жылы бийлик, парламент криминалга чөгөлөп калганда коркпой каршы көчө жүрүшүн уштуруп баатырдыгын көргөзгө”деп баса белгиледи.