Бишкек.05.09.2019. 2019-жылдын август айында Жогорку сот менен Жогорку Кеңешке республикалык бюджеттен 169,6 млн. сом коротулган. Бул тууралуу “akchabar.kg” порталы жазды.

Анда белгилүү болгондой, 109,5 млн. сом Жогорку сотко, калганы парламентке каржы министринен которулган. Бул каражаттар негизинен айлык маянага арналып, 65,4 млн.сом сотторго, 41,4 млн. ЖКнын депутаттары менен кызматкерлерине кетсе, кызмат көрсөтүүлөр менен товар сатып алууга 37.1 млн.сом жумшалган.