Бишкек. 23.10.2019. informator.kg Ушул жума күнү, тагыраагы 25-октябрь күнү КРнын Ички иштер министрлиги 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча кеңешмеси өтөт. Бул тууралуу өздүк булактардан белгилүү болду.

Анда айтылгандай, кеңешмеге КРнын вице-премьер министри Жеңиш Раззаков, Коопсуздук Кеңешинин өкүлдөрү катышып, ички иштер органдарынын аткарган иштеринин отчетун угат жана алдагы багыттар боюнча иш-пландар талкууланат.

Ошондой эле, бир катар жооптуу кызматкерлердин иштериндеги кемчиликтери боюнча эскертүүлөр берилип, ИИМ министринин орун басары Памир Асановдун пенсияга чыкканына байланыштуу кызматтан алынышы мүмкүн экени да айтылууда.