Индиялык дыйкан өз иттерин кара жана сары түскө боёп салган. Мындай метод дыйкандын плантацияларына зыян алып келген маймылдарга каршы колдонулган.

“Маймылдар боёлгон иттерди жолборс деп ойлоп, алыстан көрүп эле, плантацияларга келбегенге аракет кылышууда”,- дейт дыйкан.

Буга чейин ал оюнчуктарды коюп келген, бирок оюнчуктар кыймылдабай тургандыктан жана алардын түсү күндөн тез өчкөндүктөн эффективдүү болгон эмес. Ал эми дыйкандын айтымында иттердеги боёктор 1 айга жетет.