Бишкек.18.01.20. informator.kg Кечээ, Украинанын Премьер-министри Алексей Гончарук Президент Владимир Зеленскийге кызматтан кетүү арызын жолдогон. Бул тууралуу ал соцтармактарга өзү жарыялаганын биринчилерден болуп “КоммерсантЬ” жазып чыккан.

Түшүндүрмөсүндө Өкмөт башчы арызды “Президентке болгон ишеним менен сый-урматка болгон ар кандай шектенүүлөрдү жок кылуу үчүн”

“Мен кызматка президенттин программасын ишке ашыруу үчүн келгемин. Ал мага ачыктык менен адептүүлүктү үлгүсү. Бирок, биздин президентке болгон ишеничибиз менен сый-урматыбызна болгон баардык шектенүүлөрдү жок кылуу үчүн арызымды жазып, Президенттин парламентке жолдоосун сурандым”,-дейт А. Гончарук.

Азырынча Президенттин кеңсеси арыз келгенин, ал каралып жатканын, Владимир Зеленский ал боюнча кийинчерээк кандай чечим алаарын жарыялай турганын айтышкан.

Эске сала кетсек, бул абалга жергиликтүү Ютуб-каналдардын бириндеги өкмөттүн жыйыны тууралуу сюжет себеп болгон. Анда А.Гончарук “Зеленскийдин экономикалык процесстерге болгон түшүнүгү өтө эле примитивдүү” деп айткан жери бар.

Муну өкмөт башчы “монтаждалган аудио, акыркы учурда өкмөттүн жыйындарындагы сөздөрдү бурмалап, фрагменттерди кесип,курап, жарандарга жалган билдирүү тараткан сайттар арбыды, мен андай сөздөрдү эч качан айткан эмесмин”,- дейт.