Бишкек. 0.06.19. informator.kg Казакстанда ьөтүп жаткан Президенттик шайлоо чет элдик ММКлар үчүн жабык өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандагы “Азаттык” үн алгысынын кабарчысы Бакыт Асанов фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Казакстандын Тышкы иштер министрлиги “Эркин Европа/Азаттыктын” чет элдик кабарчыларына аккредитация берүүдөн баш тартты. Алардын арасында “Азаттык” журналисттери катары биз да барбыз. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги аккредитациядан баш тартуунун себебин түшүндүргөн жок.

Биз Нур-Султанга 8-июнда келгенбиз. Коңшулардын шайлоосундагы байкоолорубузду фейсбук аркылуу бөлүшкөнгө аракет кылабыз…”-деп жазды ал.

Эске сала кетсек, Президенттикке 7 талапкер ат салышууда