Бишкeк. 12.06.19. informator.kg Бүгүн Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жоомарт Токаев ант берип, расмий ишине киришкени турат. Бул жөрөлгө коңшулардын башкы Эгемендүүлүк сарайында болуп жатат. Ал жалпы шайлоочулардын 70.96 пайызын алганын казак борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала жыйынтык аркылуу билдирген.

Баса, бул иш-чарага Кыргызстандагы расмий бийлик жетекчилеринен эч ким катышкан жок. Чакыруу болгон-болбогонун да бизге ТИМдин маалымат катчысы тактап бермек болду.