29.06.19 informator.kg Казахстандын Атырау облусунда Тенгиз жер кенин иштетүүчү ишканада массалык уруш орун алды. Бул тууралуу Казахстандын ММК социалдык тармактарда жарыялашты.

Анда, instagram социалдык тармагына казак кыз менен ливиялык адистин сүрөтү жүктөлүп, ал жумушчу топ арасынан алгач сын-пикирге кабылып, андан соң массалык урушка алып келди.

Биздин сайттын Фейсбук баракчасына жүктөлгөн тасмаларда көрүнгөндөй, жумушчу топ четтен келген адистерди (түрк, ливиялык ж.б) ур-токмоко алууда.