Бишкек. 04.02.2020. informator.kg

Редакциябызга Бишкек шаардык улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеден (Бишкек карылар үйү) коомчулукка ачыктоону суранган кайрылуу келип түштү.

Бул кайрылуу ушул тапта КРнын Президенти С. Жээнбековго, ЖКнын төрагасы Д. Жумабековго, Өкмөт башчы  М. Абылгазиевге, Жогорку соттун төрайымы Г. Калиевага, Башкы прокурор Ө. Жамшитовго, УКМКнын төрагасы О. Опумбаевге, ИИМ министри К. Жунушалиевге, Каржы полициясынын башчысы Б. Таировго жана КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри У. Кочкоровдорго жолдонгон.

Анда Бишкек карылар үйүнүн Ардагерлер Кеңеши бул мекемеде болгон коррупциялык кыңыр иш тууралуу баяндап, мамлекеттен, камкордук, мээрим күтүп келген карылар үйүндөгү адамдарды алдап, алардын акыркы мүлкүн менчиктеп алуу боюнча окуянын териштирип берүүнү бийлик өкүлдөрүнөн сураган.

Алданган карылар, сатылып кеткен батир…

Кайрылуунун кыскача мазмуну мындай. 2017-жылы Щипачева Тамара Федеровна аттуу 1942-жылы 5-апрелде туулган кемпир, жолдошу 1938-жылы туулган Доведенко Аркадий Михайлович менен бирге Бишкек карылар  үйүнө кайрылып, өздөрү жалгыз бой экендигин, жаштары улгайып калгандыктан турмуштук шарттары оор экендигин, башка багаар-көрөөрү жок болгондуктан калган өмүрлөрүн мамлекеттик камкордугу алдында өткөрүүнү каалап жатышкандыгын арызданып, өздөрүн карылар үйүнө кабыл алууну өтүнөт. Алардын арызы тиешелүү тараптардын, Карылар үйүнүн жетекчилигинин кароосунан кийин кабыл алынып, карыган абышка-кемпирге өзүнчө шарты бар кенен бөлмө бөлүнүп берилет. Тилекке каршы, карылар үйүнө көчүп келишкенден 1,5 ай өтпөй аксакал Аркадий Доведенко каза болуп, карылар үйү анын акыркы зыйнатын жасап, жайына берет.  Ошондон тартып Тамара Щипачева жалгыз бөлмөдө күн кечирип келет.

Бирок, быйылкы 2019-жылдын башында Бишкек карылар үйүнүн жетекчилиги алмашкан соң карылар үйүндөгү жагдайлар өзгөрөт да жалгыз бөлмөдө жашаган Тамара Щипачеванын жанына башка карыган чоң апа жайгаштырылат. Буга нааразы болгон ал социалдык кызматкерлерге өзүнө жасаган камкордук ал башында макулдашкандай болбой жатканын айтып, “эмнеге мен өзүмдүн жашаган үйүмдү карылар үйүнө өткөрүп берсем, силер эки жылга жетпей менин үстүмө башкаларды кийирип жатасыңар?! Биз мурдагы директорлор менен мындай деп сүйлөшкөн эмеспиз…”,-деп ачууланат. 

Мындан соң карылар үйүнүн жетекчилиги тарабынан ички териштирүү жүрүп, Ардагерлер кеңешинин жыйынында бул маселе каралат. Көрсө, 2017-жылы Бишкек шаарынын тургундары Щипачева Тамара Федеровна оорукчан жолдошу менен Бишкек карылар үйүнө кайрылганда, өздөрүн камкордукка алыш үчүн Бишкек шаарынын К. Акиев көчөсүндө жайгашкан 54 үйдөгү №18-бир бөлмөлүү батирди Бишкек карылар үйүнүн балансына өткөрүп берүүгө макулдашкан экен. Сүйлөшүүлөрдөн соң батирди карылар үйүнүн директорунун орун басары Д. Уркасымовага жеке нотариус тарабынан каттап, документтештирип бергенин анык болот.  Ошондон улам, Т. Щипачевага карылар үйүнүн мурдагы жетекчилиги өтө камкордук менен мамиле жасап, эрежелерге ылайык келбесе да ага өзүнчө бөлмөдө жашоого шарт түзүп келген экен. Бирок, маселенин кызык жери-Т. Щипачева тарабынан берилген бир бөлмөлүү батир эч убакта Бишкек карылар үйүнүн балансына кириштелген эмес. Учурда карылар үйүнүн ветерендары тарабынан сураштыруу жүргөндө аталган батирде үчүнчү колдон сатып алган бейтааныш тургундар жашаганы маалым болгон.

Мына ушундан улам Бишкек карылар үйүнүн жетекчилиги жана Ардагерлер Кеңеши жогорудагы бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, багаар-көрөөрү жок, мамлекеттин мээримине, камкордугуна муктаж болуп, ошол эле маалда өздөрүнүн калган өмүрүн аманатка тапшырган Карылар үйүнө ак эмгек менен тапкан үйүн белекке берген тургундарга алдамчылык аракети менен жооп берип, алардын мүлкүн мамлекеттин эсебине эмес, өз кызыкчылыктарына пайдаланган Бишкек карылар үйүнүн мурдагы жетекчилигине чара көрүүнү, бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, акыйкаттыкты ачыктоону суранган.

Ал эми бул кайрылуу боюнча Бишкек карылар үйүнүн учурдагы директору Адилбек Козубаевге кайрылганыбызда ал укук коргоо органдарынан бул иштин аягына чыгат деп үмүт артып турганын айтты.

«Учурда карамагыбызда 198 адам, анын ичинде карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз камкордукка алынып турат. Жогорудагы окуядан улам биз өзүбүз Карылар үйүнүн буга чейинки ишмердиги боюнча каржылык-экономикалык көз карандысыз аудит жүргүзүү чечимине келдик. Себеби, бул жерге мамлекеттик бюджеттен тышкары ар кандай гуманитардык жардамдар, кайрымдуулук уюмунан салымдар болуп турат. Ошондуктан, акыркы жылдарда кандай кирешелер жана чыгашалар болгонун тактап, карыларыбыз менен майыптарыбыздын атына келген ар кандай жардамдар даректүү жумшалганын же мурдагы жетекчилик тарабынан сол чөнтөккө солонуп кеткенин ачыктоону туура көрдүк. Бул жерде бүтүндөй бир үй-батир тууралуу сөз болуп жатат. Ал эми ошол батирин белекке берген карыган байбиче болсо азыр өзү кымбат баалуу операцияга, жамбаш сөөгүнө операция жасатууга муктаж болуп, биз каржылык жактан ага жардам бере албай турабыз.

Мисалы, карылар үйүнө сырттан жардамга 1000 сом берилсе, бул ооруп, төшөктөн тура албай жаткан бир адамдын 10 күндүк муктаждыгын чечет. Тагыраак айтканда, 1000 сомго биз 10 памперс сатып алсак, бир оорукчан адамдын жеке санитардык тазалыгын эле эмес, анын жанында жаткан адамдардын жана кызматкерлерди канча зыяндуу нерселерден сактай алмакпыз?!

Бизге азыр акыйкаттык гана керек. Карылар менен майыптардын оор тагдырынан улам жеке өзүнүн маселелерерин чечкен бул адамдык да, кызматтык да этикага жатпаарын, бул окуя башкаларга сабак болуусун каалайбыз»,-дейт директор А. Козубаев.

Ошентип, биз дагы Бишкек шаардык улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинин кайрылуусун коомчулукка жарыялоо менен бул окуяга укук коргоо органдары тарабынан кандай реакцуия болоорун, иликтөө иштери колго алынса окуянын жүрүшү кандай уланаарын, жоопкерчиликти кимдер тартаарын үзбөй чагылдырып турууга аракет кылмакчыбыз.