Бишкек. 27.02.20. Токиодо өтүүчү 2020-жылдагы Олимпиада оюндары Кытайдан чыккан коронавирустун айынан токтотулуп же артка жылдырылышы ыктымал. Бул тууралуу эл аралык басылмалардын бирине Эл аралык олимпиадалык Комитеттин (МОК) мүчөсү Дик Паунд билдирген.

Анын айтымында, Токиодо өтүүчү спорттук ири иш-чарага дагы үч ай убакыт бар, ал үчүн уюштуруучу тарап коронавирустун жугуп калуу тобокелчилигин төмөндөтүүгө болгон аракеттерин жасоо керек жана оюндун өтүшү боюнча Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму менен кеңешүүдөн кийин чечилиши керек.

Ошону менен катар эле Дик Паунд Олимпиадага катышуучу спортсмендерди машыгууну улантууга чакырып, иштин жакшы жагына чечилишине үмүт кылуу керектигин айткан.

Эске сала кетсек, Токио-2020 Олимпиадасына 11 спортчу катышса, андан кийинки Паралимпиадалык оюндарга эле 4,5 спортчу катышып, бул оюндарга бери жагы 5 миллионго чукул көрүүчү барат.