Бишкек 8.04.20. informator.kg  “Дарыгерлер апрель айында айлык акысын жана үстөк төлөмдөрүн мөөнөтүндө алышат”, – деп билдирди КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, марттын төлөмдөрү чындыгында кармалып берилүүдө. Бул кызматкерлер жөнүндө туура эмес маалыматтар берилип жаткандыгына байланыштуу болгон. “Айрым региондордо коронавирусунун жайылышына каршы күршүүгө тартылган дарыгерлердин саны бурмаланып берилген. Кызматкерлердин саны атайылап көп айтылганы аныкталды. Бүгүнкү күндө бул кырдаал жөнгө салынды, бардык төлөмдөр убагында жүзөгө ашырылат”, – деп ишендирди Кубатбек Боронов.
Ошондой эле ал кызмат учурунда коронавирус илдетин жуктуруп алган дарыгерлерге өкмөт тарабынан кенемте төлөөнөөрүн, бул маселе чечилип жатканын да кошумчалады.


https://www.youtube.com/watch?v=SQLYL5aQ4cs&feature=youtu.be&fbclid=IwAR02zkIZ_RoPsVXaBy7_z_miVxnzHI75kxBdN8opAz6-B5LHEefGCx1LhSM