Бишкек 17.03.20 informator.kg  Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандыктардын арасында коронавирус илдетин жуктуруп алгандар каттала элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигин алдындагы Ыкчам штабдан кабарлашты.

Алардын маалыматы боюнча, учурда сырттан Кыргызстанга кирген 321  жаран карантинге алынып, атайын жайларда доктурлардын көзөмөлүндө турат. Чегара постторунда, аэропортто, темир жол бекеттеринде текшерүү күчөтүлгөн.

Бүгүн Орусиянын бир канча шаарларынан Кыргызстанга каттаган рейстер токтотулганы да маалым болду.