Бишкек. 15.05.19. informator.kg Кыргызстандын шаарлары өкмөт сайган 6 млн. сомдук байгени утуп алуу үчүн жарышып жакшырат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан маалымдалды. Сынак Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында шаарларга балдар жана жаштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында өткөрүлмөкчү. “Өсүү түйүндөрү” катары Балыкчы, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кадамжай, Кара-Балта, Каракол, Кара-Көл, Кара-Суу, Кербен, Кочкор-Ата, Нарын, Ош, Талас, Таш-Көмүр, Токмок жана Өзгөн шаарлары көрсөтүлгөн. Сынактын байге фондусу 6 миллион сомду түзүп, 10 шаардын ичинен комплекстүү баа боюнча жогорку упай топтогон үч шаарга байгелүү орундар ыйгарылат”, — деди өкмөтүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчсы Чыңгыз Эсенгулов.

Ошону менен балдар жана жаштарга ылайыктуу баардык шарттарды камсыздаган сынакта 1-орунду ээлеген шаарга 3 млн. 2-орунга 2 млн. 3-орунду алган шаарга 1 млн. берилет.