Бишкек. 03.02.2020 informator.kg

Орусиялык сайттардын бири, тагыраагы PRAVABZ порталы Кыргызстандын эски үлгүдөгү ID-карт паспорттун 15 миң орус рублине сунуш кылып жатканын 24.kg агенттиги жазып чыкты.

Андагы маалымат боюнча, бериле турган паспорттор  текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өтө турганын,  эч кандай шек жаратпасын, эгер кошумча 3 миң рубль төлөнсө паспортту валидациядан өтө тургандай деңгээлде жасап беришээрин аталган сайтта убада кылышкан.

Эске сала кетсек, өткөн жумада АКШнын расмий бийлиги Кыргызстандын жарандарына эмиграцияга визе берүүнү чектеген мыйзамга кол койгон.