Informator.kg – Индиянын Карнатака штатындагы Хавери айылында колледждин студенттерине сынак учурунда каробка кийгизилген. Бул тууралуу BBC нин Индиядагы кызматы кабарлады.

Студенттердин башына каробка кийгизүү – сынактагы көчүрүүнү алдын алган. Ошондой эле мугалимдин мындай сунушун студенттер өзүлөрү колдоп, жадагалса каробканы да, өздөрү алып келгендигин кабарлашты. Ал эми сынакты каробка кийбей тапшырууну каалагандар, кийбей тапшырган.

Индиянын Билим берүү министрлиги окуя тууралуу териштирүү жүргүзүп, мугалимдин мындай жоругуна катуу сын айткан.

Ал эми мугалим өз учурунда, мындай методду колдонгондугу үчүн баарынан кечирим сурап, эксперемент экендигин, биринчи жолу колдонгондугун белгилеп кеткен.