Бишкек. 03.03. 2020. Informator.kg  

Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясында иштеги кемчиликтери үчүн жалпысынан 77 салыкчыга дисциплинардык сөгүш берилген. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы кабарлады.

Андагы маалымат боюнча, катуу сөгүштү төрт аймактык бөлүмдүн башчылары, ал эми сөгүштү 8 райондун начальниктери, бир төраганын орун басары, төрт бөлүм башчы жана укуктук маселелер боюнча эки адис алышкан. Ошондой эле 28  салык органдарынын башчылары, 4 төраганын орун басарлары, 16 бөлүм башчы жана 8 адиске эскертүү берилген.  

Мындан тышкары, Араван райондук салык башкармалыгын башчысы Ала-Бука райбашкармалыкка башчы, Аксы райбашкармалыгын башчысы Майлы-Суу шаар башкармалыгына орун которгон. Ал жердеги салык башчысы Сузак райондук салык башкармалыгынын башчысына орун басар болуп жөнөтүлгөн. Сузактын башчы орун басары Аксыга жиберилген.