Бишкек. 04.09.2019.
“Нарын облусунун Кеңеш айылындагы мектептин имаратынын эскилиги жеткендиктен жана балдар менен мугалимдердин өмүрүнө коркунуч жаратпоо, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында учурда окуучулар мобилдик үйлөрдө билим алууда”. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркыне Ибраева билдирди.
Жаркын Ибраева эске салгандай, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин Кеңеш айылындагы эски мектептин имаратынын эскилиги жеткен деген тыянак чыгарган. Анда 160 бала окуйт жана авариялык абалда турат.
«Биз окууну клубдун имаратында убактылуу жүргүзүүнү пландаштырганбыз. Бирок ал дагы авариялык абалда турат. Коопсуздук максатында балдарды убактылуу мобилдик үйлөргө жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Суук түшкөндө балдар кыш мезгилинде окутууга кыйла ылайыктуу башка жерге которулат. Кеңеш айылында жаңы мектеп жакынкы мезгилдерде курулмакчы», – деди Жаркын Ибраева.
«2019-жылдын 2-сентябрында Нарын районунун акими Семетей Черикбаевдин убактылуу мектептин ачылыш салтанатына барганы боюнча коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирди, албетте, туура кабыл алабыз. Негизи райондук администрациянын жетекчиси мектепке байланыштуу түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүү максатында барган», – деп белгиледи Жаркын Ибраева.