16.06.19 informator.kg Ноокат районуна караштуу Бел-Өрүк айылынын 13 жаштагы тургунуна чагылган тийип, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 13 жаштагы бала үйдүн короосунда жүргөн. Ошол мезгилде ага чагылган тийип, ооруканада каза болгону айтылат.

Булак:newtv.kg