Бишкек 23.03.20 informator.kg  Кыргызстандагы коронавирус  илдетине чалдыккан адамдардын бири реанимацияга жаткырылды. Бул тууралуу Республикалык штабдагы маалымат жыйынында  Саламаттыкты сактоо министрлигинин өлүлү Айнура Ахматова  маалымат таратты.

Маалыматка караганда,  23-мартка карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган эмес жана мурда катталган 14 адамдын 12нин абалы туруктуу. Бирок, алардын экөөсүнүн абалы начарлап, 1949-жылы туулган жарандын эки тараптуу өпкө сезгенүүсү күчөгөнүнөн улам реанимацияга жаткыруу чечими кабыл алынган.

Эске сала кеткек, кечээ Өкмөт коронавирусту аныктоочу 500 тесттик аппараттарды алганын кабарлаган эле.