Informator.kg – Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы “Ормон” жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) шахтасында болгон кырсыктан каза тапкандардын экөө бир туугандар болгон.

Бул тууралуу Сүлүктү шаардын мэриясынын аппарат башчысы Алмазбек Каримов “Маралга” билдирген.

Кырсык кечээ, 10-декабрда саат 16ларда катталган. Алар шахтадан чыккан газга ууланышкан. Каза болгондордун экөө бир тууган болушкан. Алардын эң жашы 23 жашта, эң улуусу 34 жаштагы тургундар болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жалпысы 7 киши аларды шахтадан чыгарышкан.