Бишкек. 04.09.2019 informator.kg Борбордун Токтогул көчөсү 10-сентябрда ачылып, дүргүнчүлөр ыңгайсыз абалдан чыгат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын айтымында, “Юнис-Курулуш” компаниясы тарабынан учурда Токтогул көчөсүндөгү Үмөталиев жана Турусбеков көчөлөрүнүн аралыгында жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери аягына чыгуу алдында турат.

“Турусбеков-Тынчтык проспектиси аралыгындагы ремонт иштери аяктады, жол ачылды”,-деп айтылат маалыматта.