25.06.19. Informator.kg Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айылдык кеңешинин депутаты Алмахмат Жороевди топ балдар сабап кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга депутаттын туугандары билдирди.
Алардын айтымында, окуя Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүндө бүгүн, 24-июнда болжол менен саат 18:30-19:00 чамаларында болгон.

“30 жаштын тегерегиндеги 3-4 бала лом менен инибиз Алмахмат Жороевди сабап кетишти. Бели жана колу сынды. Азыр милицияга арыз жаздык. Эми инибизди райондук аймактык ооруканага алып барабыз. Сабаган балдарга мыйзам чегинде чара көрүлүшүн өтүнөбүз”, – деди алар.
Учурда окуянын чоо-жайытакиалууда

Булак : Turmush