Бишкек 11.03.20 informator.kg
Кечээ, Жогорку сотто Бишкектеги “Вефа” соода борборунун айланасындагы сот иши каралып, анда сотко төрагалык кылган судьялар бул иш боюнча төмөнкү эки инстанциянын чечимдерин жокко чыгарган жана ишти кайра кароону Бишкектин райондор аралык сотуна жиберген чечим кабыл алган.
Эске сала кетсек, түркиялык “Өзгүн Иншаат” акционердик коому аталган соода жайынын кыргызстандык “Аруу жылдыз” компаниясынын менчигине өткөндүгү тууралуу келишимди жокко чыгарып, мурдагы ээлик кылуучулардын акциялары мыйзамсыз болгндугу тууралуу сотко кайрылган.
Кийинчерээк бул ишке Кыргызстандагы Түркиянын расмий дипломатиялык корпусу, тагыраагы Элчи Женгиз Камил Фырат өзү сот процесстерине катышып, муну болсо кыргыз ишкерлери сотко басым көрсөтүү катары сыпаттап келишкен.