
Бишкек 27.03.20 informator.kg Чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандык коронавирусту жуктуруп алганы аныкталган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришет.
“Алардын ичинен:
- Бириккен Араб Эмирликтеринде – 1 жаран (Сауд Аравиясынын Жидда шаарына барып келген);
- Пакистанда – 3 жаран;
- Испанияда – 1 жаран.
Алардын баары жеринде тийиштүү түрдө дарыланып жатат. Баарынын абалы жакшы. Испаниядагы кыргызстандыкта оору жеӊил формасында өтүп жатат, ошондуктан ал үй карантининде дарыланууда”, – коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.
Эске сала кетсек, өлкөдө бүгхн аталган вирусту жуктурган дагы 14 адам аныкталып, жалпысы саны 58ге жетти.