Бишкек 11.03.20 informator.kg
КРнын мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралев «Түрк аба жолдору» компаниясынын учагында адам өмүрүн сактап калган. Бул маалыматты алгач “Азаттык” аталган компанияга шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Андагы маалымат боюнча, 16-январда Бишкек-Стамбул каттамында жашы 60тан ашкан айым өзүн начар сезип, тил-ооздон калып, денеси тырышып баштаган. Учакта аны менен бара жаткан Т. Батыралиев ага алгачкы медициналык жардамды көрсөтүп, дары-дармек бергенден кийин оорулуу адам өзүнө келип, экипаждын кызматкерлери кубанычка бөлөнгөн.
“Биздин жүргүнчүнүн абалына кайдыгер калбай, ага убагында медициналык жардам көрсөтүп, учактын экипажын колдогонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин өз ыктыярыңыз менен адам өмүрүн куткарууга жасаган аракетиңиз биз үчүн маанилүү», – деген ыраазычылк катын жиберген компания кийин экс-министрге.
Талантбек Батыралиев Бүткүл союздук кардиология илим борборунун аспирантурасын бүтүргөн. Кыргызстан кардиология илим изилдөө институтунда илимий кызматкер. Англия менен Түркияда иштеп, бир нече жыл Кыргызстандын саламаттык сактоо министри болуп турган.