Бишкек 04.09.2019

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев аны издөөгө кеткен чыгымды төлөп берди. Бул тууралуу фондунун маалымат кызматы билдирди.

“Издөө иштерине 17 куткаруучу жана 6 суучулдар тартылган. Оперативдүү штаб уюштурулган. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ӨКМге Эркин Асрандиевди издөө иштерин активдүү жүргүзүүгө  тапшырмасын берген. Азыркы учурда издөөгө кеткен чыгымдар кайтарылды. Мамлекеттик резиденцияга 600 литр, жергиликтүү бийликке 400 литр күйүүчү май кайтарылып берилди. ӨКМ чыгымды кайтаруудан баш тартып койгон. Бирок, Эркин Асрандиев ӨКМга суучулдардын шаймандарын алып берет ”,-деп айтылат анда

Асрандиев 31-августта Ысык-Көлдүни30 чакырымдык күнгөй-тескейин сүзүп өтөм деп, толкундан улам коштоочуларынан адашып калган. Аны 8 саат издеп, жээктен табышкан