24.06.19 informator.kg Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 10 миң сом бердим деген Жумагүл сынак учурунда мекемеде иштеген кызматкерлер суроолордун жоопторун өздөрү белгилеп бергенин айтты.
«Б категориясындагы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн 10 миң сом акчам кетти. 3 ай мурда унаа мектебине жазылгам. Бирок сабакка да барган эмесмин. Сынак учурунда суроолордун жоопторун мен белгилеген жокмун, кызматкерлер өздөрү белгилеп беришти. “Силер белгилебегиле, ката тоголоктоп коёсуңар, компьютерге түшүп калат” дешти», – дейт Жумагүл.
Россияга кетип жаткан 20 жаштагы Н. дагы тез арада айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 20 миң 500 жүз сом коротконун билдирди.
«Эртең Россияга кетем. Банкка 8 миң 500 жүз сом төлөдүм. Кызматкерлердин колуна 6 миң сом бердим. Бүгүн дагы экинчи ирет 6 миң сом бердим. Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн 3 күндөн бери жакшы чай иче элекмин», – деди Н.
Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Өзгөн аймактык бөлүмүнүн башчысы Акимбай Султанов маалымат бере албай турганын билдирди.
«Мен бул боюнча маалымат бере албайм. Себеби бизге массалык маалымат каражаттарына маалымат берүүгө тыюу салынган. Бирок биз келген жарандарга колдон келген жардамды берип жатабыз. Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Азыр Бишкектен жетекчилерибиз алмашып, акырындан иретке келип жатабыз»,-деди бөлүм башчы.