Бишкек. 3.08.20 informator.kg

“Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдор быйыл күздө өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша алышат. Бул тууралуу алардын жактоочусу, юрист Таалайгүл Токтакунова билдирүү берди.

Анын айтымында, аталган эки саясатчы тең мурда соттолгон эмес жана алардын үстүнөн “Коррупция” беренеси менен козголгон кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлгөндүктөн, ал берененин өзү мыйзамдуу экенин талаш жаратат.

“Кыргызстандын мыйзамдарында менин кардарларымдын 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышуусуна тыйуу салган ченемдер жок. Ооба, сот жүрүп жатат, бирок, Текебаев да, Чотонов да соттолгон эмес, соттуулугу жок. Демек, алар толук шайлоого жана шайланууга укуктуу”,-дейт жактоочу.

Эске сала кетсек, аталган эки саясатчыга козголгон кылмыш иштери боюнча мурдагы соттук чечимдер Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылып, иш кайра кароого алгачкы инстанцияга жиберилген.